24.kg
15:15, 06 марта 2020, 24.kg

КТРКнын #REакция тууралуу сюжети этикалык кодескке каршы келет

ММК боюнча даттанууларды караган комиссия КТРКнын #REакция тууралуу сюжет жасаган журналисттерин жоопко тартылуусун талап кылат. Бул тууралуу алардын Facebook баракчасында маалымдалат.

КТРКнын «Ала-тоо» маалыматтык көрсөтүүсүндөгү сюжетте «Кыргызстандын журналистеринин этикалык кодексинин 8 жана 10-беренелерин бузулгандыгын белгилейт. Комиссия арызды үч ай карап, даттануучу Умай Арыкованын жана КТРКнын юристи Максат Төлөновдун катышуусунда жыйын өткөргөн.

Чечимде КТРКнын байкоочу кеңеши маселени карап, тийиштүү чара көрүү сунуш кылынган.

Эске сала кетсек, активист Умай Арыкова 2019-жылдын 25-ноябрындагы Бишкек шаарында болуп өткөн коррупцияга каршы жарандык акциясында «КТРК бир жактуу кылып чагылдырып, аны менен катар акцияга чыккандарга атайын акча төлөнгөн жана катышуучулар батыш тараптан келген» -деген маалымат таратты деген негизде ММК боюнча түзүлгөн комиссияга арыз менен кайрылган.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18