24.kg
11:52, 06 марта 2020, 24.kg

Өкмөт коронавируска каршы иш-чараларга 30 миллион сом бөлдү

Өкмөт коронавируска каршы иш-чараларга 30 миллион сом бөлдү. Бул тууралуу маалымат жыйында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Төлө Исаков билдирди.

Анын айтымында, министрлик керектүү акчанын эсебин тактап чыкты.

«Өкмөт сунуштарды ыкчам карап чыгып жатат», — деди ал.

Төлө Исаков коронавирустун алдын-алуу иш чараларына 500 медициналык кызматкер тартылганын белгиледи.

Белгилей кетсек, өкмөттө коронавирустун алдын алуу боюнча эки штаб иш алып барууда. Алардын бири вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованын жетекчилигинде медицина жана башка тармакта иш жүргүзсө, экинчисин Эркик Асрандиев башкарып, вирустун дүйнөгө жайылышына байланыштуу кырдаалдын экономикага таасирин азайтуу жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо багында эмгектенүүдө. 

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18