24.kg
10:57, 06 марта 2020, 24.kg

Муфтият: Коронавирустан улам жума намазга тыюу салууга болбойт

Мусулмандар дин башкармалыгы жума намазга топтолууга тыюу сала албайт. Бул тууралуу муфтияттан билдиришити.

Алардын айтымында, жума намаз үйдө эмес, мечиттерде жамаат менен окулушу шарт.

«Бул күнү мечиттерге барбагыла дегенге шарият жол бербейт. Жума күн бул мусулмандардын күткөн күнү. Ал күнү жумага келбегиле деп эч кимге тыюу сала албайбыз. Жума намаз үйдө эмес, мечиттерде жамаат менен окулуучу намаз. Вирустун алдын алууга ислам дини каршы эмес. Жакшылыкты Алла талаадан тилеп, ар бир инсан өзүнө сак болсо, өзүбүзгө жана мамлекетибизге жакшы. Бирок бир гана жума намаз учурунда коронавирус жугат деп, тыю салуу туура эмес түшүнүк», — дейт муфтият.

Белгилей кетсек, өкмөт массалык иш-чараларга тыюу салды. Жума намазга кеминде 50дөй адам чогулат.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18