24.kg
09:47, 06 марта 2020, 24.kg

Москвада коронавируска байланыштуу жогорку даярдыктагы режим киргизилди

Москва мэриясы коронавирус коркунучуна байланыштуу жогорку даярдыктагы режим киргизди. Тиешелүү жарлыкка мэр Сергей Собянин кол койду.

Калаа башчы Кытая, Түштүк Корея, Италия, Иран, Испания, Германия жана Франциядан келген жарандардан өз алдынча карантинге барууну талап кылды.

Коронавирус катталган өлкөдө болгондор Орусияга кайтаны жөнүндө маалымат берүүгө тийиш.

Ошол эле маалда Собянин Москвада кырдаал туруктуу экенин билдирди. Шаар бийлиги коомдук иш-чараларды чектөөгө азырынча негиз жок деп эсептейт.

Бирок Собянин биринчи жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасынын базасында тез куралуучу конструкциялар менен атайын корпус курууну тапшырды. Мындай госпиталь Кытайдын Ухань шаарында салынган. Жаңы вирус дал ошол жактан чыккан.

Москва мэриясы COVID-19 вирусу менен күрөшүү боюнча бир нече план иштеп чыкканы 5-мартта белгилүү болгон. Жергиликтүү басылмалар билдиргендей, өзгөчө чечим менен шаар бийлиги коомдук транспорттун ишин токтотуп, кирүү-чыгуу жолдорун жаап, коменданттык саат жарыялай алат.

Москва шаарынын жашоочусунда коронавирус 2-мартта катталган.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18