24.kg
14:02, 05 марта 2020, 24.kg

Качкындарды өлкөгө киргизерден мурда атайын аймакта кармоо сунушталууда

Жогорку Кеңеште Кыргызстанга келген качкындар үчүн чек арада атайын чатырдан аймак түзүүнү сунуштуулада. Бул боюнча ал Жогорку кеңештин отурумунда депутат Таалайбек Масабиров билдирди.

Анын айтымында, ал аймакта качкындардын макамы такталып, мамлекеттер органдар текшерип бүткөнчө болушат.

«Кыргызстанга келген качкындардын басымдуу бөлүгү террордук жана чыр-чатактын очогу болгон Афганистан жана Сирия өлкөлөрүнөн» —дейт депутат.

Ал эми Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Кыргызстандан башпаанек сурап келген чет элдик жарандарды кантип каттоого алып жатканын сурады.

«Каттоо иш-аракеттери 72 сааттын ичинде жүргүзүлүп, ал эми статустук дайындоо чечими 6 айдан 1 жылга чейин каралат», — деп жооп берди мамлекеттик миграция кызматынын башчысы Болотбек Ибраимжановго.

Төрага жогорудагы качкындардын статусу боюнча жана мамлекеттик коопсуздукту алдын алууга дыкаттык менен иш алып баруу керек экендигин белгиледи.

Белгилегендей, Жогорку Кеңеште качкындар боюнча мыйзамга өзгөртүү сунушталууда.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18