24.kg
09:10, 05 марта 2020, 24.kg

Коронавирус. Штаб массалык иш чараларды азайтуу керектигин эскертет

Коронавирустун алдын алуу боюнча республикалык штаб массалык иш чараларды чектөөнү сунуштады. Бул тууралуу 4-марттагы жыйынында айтылды.

Жыйында ошондой эле Саламаттыкты сактоо министрлигинин демилгеси менен айрым эл көп чогулуучу иш-чаралар токтотулганы жөнүндө да кабарланды. Сунуш бардык жергиликтүү бийлик башчыларына тааныштырылган.

Буга чейин дагы штаб коомчулукка эл көп топтолгон жайлардан алыс болуу, жума намазды үйдөн окуу сунуштаган.

Штабдын мүчөлөрү жарандарды соцтармактарда коронавирус тууралуу жалган маалыматтарды таратпоого жана расмий маалыматтарга гана ишенүүгө чакырышууда.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18