24.kg
15:17, 04 марта 2020, 24.kg

Коронавирус. Чек арада турган санитардык дарыгерлерге сый акы төлөнөт

Саламаттык сактоо министрлигине мамлекеттик чек аранын өткөрмө-көзөмөлдөө жайларында жана обсервацияларда нөөмөттө турган медициналык кызматкерлерге сый акы берилет. Бул тууралуу коронавирус инфекциясынын өлкө аймагына жайылышына жол бербөө жана кырдаалдын өнүгүшүнө бөгөт коюу маселелери боюнча селектордук кеңешмеде айтылды.

Өкмөт башчы ошондой эле экономикалык жоготууларды азайтуу боюнча биргелешкен чараларды иштеп чыгуу үчүн эл аралык өнөктөштөр менен иштешүүнү активдештирүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Тышкы иштер министрлигине элчиликтер менен иш алып барууну, мындан ары да кыргызстандыктарга аракеттешүүнү, ошондой эле жаңы экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү талдоо иштерин күчөтүүнү тапшырды.

«Дүйнөлүк экономика үчүн белгилүү бир чакырыктары бар мындай жагдай биздин экономиканын кемчилдиктерин аныктоону шарттайт. Биз натыйжалуу биргелешкен ишибизди көрсөтүүгө тийишпиз», — деп ырастады Мухаммедкалый Абылгазиев.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18