24.kg
15:13, 04 марта 2020, 24.kg

Өкмөт азык-түлүк баасына жана экспортуна көзөмөл киргизет

Өкмөт азык-түлүк баасына жана экспортуна көзөмөл киргизет. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев селектордук кеңешмеде билдирди.

Анда коронавирус инфекциясынын өлкө аймагына жайылышына жол бербөө жана кырдаалдын өнүгүшүнө бөгөт коюу маселелери талкууланды. 

Премьер-министр өлкөнүн рынокторундагы абалды күн сайын изилдөө керектигине тиешелүү мамлекеттик органдардын көңүлүн бурдурду.

«Айрымдар түзүлгөн жагдайды колдонуп, кайсы бир азык-түлүктөрдүн, башка товарлардын баасын негизсиз көтөрүү менен пайда табууну көздөгөндөр болушу мүмкүн. Буга жол бербөө керек. Айыл чарба продукцияларын ташып чыгарууга көзөмөлдү күчөтүү зарыл, тигил же бул азыктардын тартыштыгы болбоого тийиш», — деп баса белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18