24.kg
14:31, 04 марта 2020, 24.kg

Орусия өлкөдөн медициналык беткаптарды алып чыгууга тыюу салды

Орусия беткап, халат, бахила, колкап өңдүү эпидемия маалында керек болуп калышы мүмкүн болгон медициналык каражаттарды өлкөдөн чыгарууга тыюу салды. Өкмөттүн тиешелүү токтому 4-мартта жарыяланды.

Тыюу 2020-жылдын 1-июнуна чейин күчүндө болот. Документте мындай чара коронавирус жайылып жаткан шартта медициналык каражаттардын тартыштыгын алдын алуу максатында кабыл алынганы жазылган.

Токтомго ылайык, тизмедеги каражаттарды ири көлөмдө гана чыгарууга тыюу салынат. Жөнөкөй жарандар жеке колдонуу үчүн аз өлчөмдө чыгарып кетсе болот.

Шейшемби күнү Москва бийлиги коронавируска шектелгендер үчүн өзүнчө оорукана бөлүп берген. Ал Кремлден 30 чакырым алыстыкта, Коммунарка районунда жайгашкан. Расмий маалыматтар боюнча учурда шаарда вирус жуктурган бир адам бар. Мындан тышкары дагы үч киши Казан шаарында ооруканада жатат.

Акыркы маалыматтар боюнча дүйнөдө COVID-19 коронавирусун жуктурган адамдардын саны 92801ге, каза болгондор 3201ге жетти.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18