24.kg
10:39, 04 марта 2020, 24.kg

Баткенде уюшулган топтун мүчөсү курал-жарак менен кармалды

Баткенде уюшулган топтун мүчөсү курал-жарак менен кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Алардын маалыматында, 32 жаштагы С.Н.аттуу жаран Баткен шаарында жашынып жүргөн жеринен аныкталып кармалды. Ал буга чейин эки соттолгон.

«Кармалган С.Н. аттуу жаран 20-февраль күнү 5 баш жылкы уурдап, издөөдө жүргөн. Аны кармаган учурда жанынан белгисиз маркадагы автомат, пистолет, бычак жана кара маска алынды. Алынган заттарга тиешелүү экспертизалар дайындалып, кармалган жаран убактылуу кармоо жайына киргизилди», — дейт жергиликтүү милиция.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18