24.kg
09:20, 04 марта 2020, 24.kg

Дүйнөлүк банк Тажикстандан электр жарыгына акыны жогорулатуууну талап кылууда

Дүйнөлүк банк «Барки точик» энергетикалык компаниясынын каржы абалын жакшыртуу үчүн 134 миллион доллар грант бөлүп, Тажикстанда электр энергиясынын тарифи жогорулашы керектигин, болбосо энергохолдингде каржылык жактан туруктуулук болбой турганын билдирди.

Дүйнөлүк банктын баяндамасында «Барки точик» 2025-жылга карата холдингдин бардык чыгашасын жапкандай деңгээлде тарифти жогорулатышы зарыл экенин айтылган.

Энергохолдингдин карызы 2020-жылы 2,6 миллиард долларды түздү. Тажикстандын тышкы карызы 2,8 миллиард доллар.

Тажик өкмөтүнө грант Дүйнөлүк банктын тариф боюнча шарты аткарылган учурда гана берилет.

Дүйнөлүк банктын баяндамасына ылайык, тажик өкмөтү 2025-жылга чейин электр энергиясынын наркын акырындык менен жогорулатат: 2021-жылы 1 кВт электр энергиясы 15%, 2020-жылдан 2024-жылга чейин 8% кымбаттап турат.

Учурда электр кубатынын бир киловатты 22,66 дирам (2,3 цент) турат. Бирок Дүйнөлүк банк бул тариф электр энергиясын өндүрүүгө кеткен чыгымдарды актабай турганын белгилейт. «Барки точиктин» эсеби боюнча саатына 1 кВт электр энергиясын өндүрүүгө 28 дирам (2,8 цент) керектелет.

Эгер тажик өкмөтү Дүйнөлүк банктын талабын аткарса, 2025-жылга карата 1 кВт электр энергиясынын тарифи 35 дирамды түзөт.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18