24.kg
09:18, 04 марта 2020, 24.kg

Өзбекстанда медициналык беткаптар сакталган мыйзамсыз кампа табылды

Өзбекстанда С.Х. аттуу жарандын батиринде жалпы баасы 668,4 млн. сумга ($70,5 миң долларга чукул) тете медициналык баткаптар табылды.

Өзбекстан Мамлекеттик бажы комитетинин маалыматына караганда, укук коргоо органдары менен биргеликте өткөн операция учурунда табылган беткаптардын сертификаттары болгон эмес жана чет өлкөлөргө сатууга даярдалган.

Бажы комитети медициналык беткаптар сакталган мыйзамсыз кампа кайсы жерде жайгашканын маалымдаган жок.

Буга чейин Кыргызстандан аткезчилик жол менен 1 миллион даана медициналык беткапты чыгарып кетүүгө аракет кылган жарандар кармалган.

Кытайдын Ухань шаарынан чыккан коронавирус башка мамлекеттерге да тездик менен жайылып жаткандыктан, медициналык беткаптарга болгон суроо-талап жогорулады.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18