24.kg
17:14, 03 марта 2020, 24.kg

Президент Садыр Жапаровду колдоо митингин таркаткан милицияны алкады

Президент Сооронбай Жээнбеков кечээ өткөн Садыр Жапаровду колдоо митингин таркаткан милициянын аракетин оң баа берди. Бул тууралуу ал бүгүн өлкөнүн экономикалык коопсуздук маселелери боюнча бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилеринин катышуусунда чакан курамда өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдирди.

Президент мамлекеттик бийлик өлкөнүн экономикалык коопсуздугун бекемдеп, жарандардын тынч жашоосун камсыз кылууга милдеттүү экенин баса белгиледи. Ички иштер органдарына болгон биринчи кезектеги негизги талап жарандардын тынчтыгын камсыз кылуу болуп саналат.

 Кечээ милиция кызматкерлери өздөрүнүн милдеттерин толук кандуу аткарышты. Алар шаардыктардын тынч жашоого болгон укугун коргоп, шаардагы тартипти камсыз кылышты.

Сооронбай Жээнбеков. 

«Мамлекет башчысы катары, дагы бир жолу кайталап айтам, коомдогу тынчтык баарынан жогору турат. Бардык маселелер укуктук талаада чечилет, ультиматум тили кабыл алынбайт. Өлкөдө мыйзамдуулук сакталышы керек», — деди Сооронбай Жээнбеков.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18