24.kg
11:28, 03 марта 2020, 24.kg

Бишкекте эт-сүт саткан жайлар жана коомдук унаалар дезинфекцияланууда

Бишкекте базарлардын эт-сүт саткан жайлары жана коомдук унаалар дезинфекцияланууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин Бишкек шаардык борбору «Ош» жана «Аламүдүн» базарларындагы бир катар павильондорун, айрыкча эт жана сүт саткан жайларын дезинфекциялады.

Андан тышкары, «Бишкекжылуулукэнерго» ишканасынын аймагын, № 5 мончосун, «Дордой транс» жана «Совет бригада» жоопкерчилиги чектелген коомдорунун транспорттору да дезинфекцияланды.

Photo 156611

Март айынын башынан бери мындай түшүндүрүү иштери супермаркеттерде, кафе-ресторандарда, тамактануучу жана башка жайларда да өтүп жатат.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18