24.kg
17:01, 02 марта 2020, 24.kg

Коронавирус. Кыргызстанда 298 адам медициналык көзөмөлдө

Кыргызстанда 298 адам медициналык көзөмөлдө. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирет.

Маалыматына караганда, ооруканада жаткан 298 кишинин 145и кытайлыктар, баарынын анализи таза.

Коронавирус Кытайдан тышкары 65 өлкөдө катталып, 80 миң адамга жукту, алардын көбү кытайлыктар. 2900 адам каза болду, 44 миңдейи айыгып чыкты.

Кыргызстан 1-марттан тартып илдет жайылган өлкөлөрдүн жарандарына чакыруу жөнөтүүгө тыюу салды. Илдет Кытай, Түштүк Корея, Италия жана Японияда күч. 

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18