24.kg
15:00, 28 февраля 2020, 24.kg

Тегеранда коронавируска байланыштуу жума намазга чогулууга тыюу салынды

Коронавируска байланыштуу Тегеранда адамдардын жума намазга чогулуусуна тыюу салынды. Өлкөдө вирус жуктургандардын саны 245ке жетти, арасында Аялдар жана үй-бүлө иштери боюнча вице-президент Масуме Эбтекар да бар.

Мындан улам Эбтекардын командасындагы бардык өкмөт мүчөлөрү вируска тест тапшыра башташты. 25-февралда COVID-19 вирусун Ирандын саламаттык сактоо министринин орун басары Ирадж Харирчи да жуктуруп алганы аныкталган.

Расмий маалыматтарга караганда, Иранда акыркы бир суткада каза болгондордун саны жетиден 26га жетти. Бул коронавирустан Кытайдын сыртында эң көп адам өлгөн алгачкы учур.

Коронавирус же COVID-19 Кытайдын Ухань шаарында январь айында катталган. Эпидемияга байланыштуу шаар карантинге алынган. Учурда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 82 миңден ашты. Каза болгондордун саны 3000ден ашты. Акыркы маалыматтарга караганда коронавирус 46 өлкөдө катталды.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18