24.kg
14:35, 28 февраля 2020, 24.kg

Өкмөт чыгарылган датасынан 25 жыл ашкан учактарды колдонууга тыюу салды

Чыгарылган датасынан тартып 25 жылдан ашкан аба кемелерин мамлекеттик реестрине киргизүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирет.

«Бул чечим өлкөнүн жүк аба кемелери тарабынан жүргүзүлгөн өлкөнүн товар жүгүртүүсүн жогорулатып, авиациялык кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү жана чет өлкөлүк авиакомпаниялар менен күчтүү атаандаштык түзүүнү шарттайт», — дейт өкмөт.

Токтомго ылайык жаш курагы 25 жылдан учактар эми мамлекеттик реестрге киргизилбейт. Ал эми Кыргызстанда катталып калгандардын 40 жаштан ашкандарын колдонууга болбойт.

Мындан тышкары киргизилген өзгөрүүлөргө ылайык учууга жараксыздыгына байланыштуу акыркы 2 жыл ичинде учпай тургандар Жарандык аба кемелеринин мамлекеттик реестринен чыгарылат.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18