24.kg
16:31, 28 февраля 2020, 24.kg

Коронавируска байланыштуу Сеул-Ташкент каттамындагы учак кайра артка кайтты

27-февралда Сеул-Ташкент багыт боюнча учуп келаткан учактын жүргүнчүсү өзүн жаман сезгендиктен, учак жолдон кайра Түштүк Кореяга кайткан. Бул тууралуу өлкөнүн саламаттык сактоо миниистри Алишер Шадманов видеоселектордук жыйында билдирди.

«Асманга көтөрүлгөндөн үч сааттан кийин жүргүнчүлөрдүн бири өзүн жаман сезип, кайра Түштүк Кореяга кайткан. Сеулда аны тез жардам кызматы алып кеткен. Бирок ал коронавируска шектелип жаткандыгы учак Ташкент аэропортуна келип конгондо гана айтылды. Мындан улам ал учактын бардык жүргүнчүлөрүн радар менен текшерүүгө туура келди. Аэропортто атайын изоляциялык бөлмөлөр жок болгондуктан, учурда алар аэропорттогу залдардын биринде башкалардан обочо кармалууда», — деди Алишер Шадманов.

Анын айтымында, 23-февралда Кытайдан келген жүргүнчү өзүн жаман сезип жатканына карабастан Ташкент аэропортунан эч кандай тоскоолдуксуз Өзбекстандын аймагына өтүп кеткен. Андан соң жашаган жериндеги мааледе бейтапканага кайрылган.

«Дарыгерлер андан бир нече жолу анализ алып, кайра-кайра текшеришкен. Жыйынтыгында анын коронавирус жуктурбаганы аныкталды. Бирок бул учур биздин аэропорттогу жетишсиздиктерди көрсөтүп койду. Анда текшерүүдөн өтүү эрежелери сакталган эмес», — деди министр.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18