24.kg
11:54, 28 февраля 2020, 24.kg

Японияда кыргыз жараны коронавирусту жуктуруп ооруканага жаткырылды

Япониядагы Diamond Princess лайнеринде иштеген кыргызстандык жигит коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу маалымат жыйын учурунда тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов билдирди.

Анын айтымында, кыргызстандыкты Япониядагы ооруканалардын бирине жаткырышты.

«Мурдараак аны менен бир бөлмөдө жашаган адам вирус жуктуруп алып, ооруканага түшкөн. 26-февраль күнү мекендешибиздин анализи дагы коронавирус бар экенин көрсөттү», — деди Нурлан Абдрахманов.

Белгилей кетсек, аталган лайнердеги жалгыз кыргыз жараны тейлөө жаатында иштеген. Ал буга чейин саламаттыгы жакшы экенин билдирген. Diamond Princess лайнериндеги 3 миң кишинин 70тен ашыгы илдетке чалдыккан.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18