24.kg
11:38, 28 февраля 2020, 24.kg

Кыргызстан коронавирус жайылган өлкөлөр менен байланышты токтотушу мүмкүн

Кыргызстан коронавирус жайылган өлкөлөр менен байланышты токтотушу мүмкүн. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, бүгүн республикалык штаб коронавирус тараган өлкөдөн келген жарандарды кабыл албоо боюнча маселени карайт.

«Түштүк Корея, Италия, Иран, Япониянын жарандарын убактылуу Кыргызстанга кабыл албоо сунушу берилди. Маселе каралууда, бирок чечим чыга элек», — деди Космосбек Чолпонбаев.

Космосбек Чолпонбаев билдиргендей, Кытайда оорунун жугушу басаңдаганы менен Европада күрч бойдон калууда. Кытай, Италия, Япониядан келгендер карантинге толук киргизилип жатат.

«Түштүк Кореядан келген жарандар көбөйдү, аларды 14 күн карантинге алуу үчүн медициналык шарттар каралууда. Спорттук иш чараларды өткөрүүнү токтотту. Карантинде тургандар анализден өтүүдө, жалпы 919 эмдөө болду, жыйынтык жакшы», — деди министр.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18