24.kg
10:24, 28 февраля 2020, 24.kg

Алмазбек Атамбаев Кой-Таш окуясы боюнча сотко катышат

Мурдакы президент Алмазбек Атамбаев Кой-Таш окуясы боюнча сотко катышат. Бул тууралуу КСДПнын саясый кеңешинин мүчөсү Кундуз Жолдубаева билдирди.

Анын айтымында, Алмазбек Атамбаев тарапташтары менен бирге болот.

«Ал мыйзамсыздык жана укуктук башаламандыкка каршы тургандардын жанында болот», — дейт Кундуз Жолдубаева.

2019-жылдын 8-9-августундагы Кой-Таш окуясы боюнча козголгон кылмыш иши тергелип, 14 адамга айып тагылып сотко жөнөтүлдү. Аны Биринчи май райондук соту карайт. Биринчи угуу 2-мартка белгиленди.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18