24.kg
10:15, 28 февраля 2020, 24.kg

Жалал-Абадда 17 жаштагы кыз беш күндөн бери дайынсыз болууда

Жалал-Абад обласунун Сузак районунун Бек-Абад айылынын тургуну Рахмидин кызы Мадина 23-февраль күнү саат 11:30 чамасында үйүнөн таарынып чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы билдирет.

17 жаштагы Рахмидин кызы Мадинанын туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.

Photo 156063

Маалыматка караганда, кыздын бою 165-170 см, чачы кара узун, өңү кара тору, орто келбетте, көзү кара, кашы кара. Үйдөн чыкканда башына сыя түстөгү жоолук салып, үстүндө кара түстөгү куртка кийип алган.

Маалыматтарды төмөнкү номурларга кабарлоого болот: (03748) 5-02-09, (0777) 80-65-68, (0550) 31-31-22.

 

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18