24.kg
09:55, 28 февраля 2020, 24.kg

Ашхабадда көчөдө медициналык беткап тагынып жүргөн аялга айып пул салынды

Ашхабадда полиция кызматкерлери көчөдө медициналык беткап тагынып жүргөн аялды токтотуп, айып пул салышты. Бул тууралуу «Түркмөнстан хроникасы» басылмасы билдирди.

Маалыматка караганда, 24-февраль күнү кечинде полиция кызматкерлери жумуштан чыгып үйүнө бараткан аялды токтотуп, документтерин текшеришкен. Андан соң беткап тагынып жүрүүгө болбой турганын айтып, полиция бөлүмүнө жеткиришкен.

«Сен өкмөттүн вируска каршы көрүп жаткан чараларына ишенбейсиңби? Биз жетекчилигибиз баш болуп баарыбыз беткап жок жүрөбүз. Сен эмне тагынып алдың? Беткапчан адамдар элди дүрбөлөңгө түшүрүп жатышат», — деген полициячылардын бири.

Кармалган аял дарыгерлердин сунушун аткарганын айтканына карабастан, полиция бөлүмүнө жеткирип, 249 манат (расмий курс боюнча 70 доллардан ашык) өлчөмүндө айып пул жазып беришкен. Аялдын паспортун алып калышып, эртеси айып пул төлөгөндүгүн ырастаган дүмүрчөк көрсөткөндө гана кайтарып беришкен.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18