24.kg
09:21, 28 февраля 2020, 24.kg

Сириядагы кыргыздар. Өкмөт согуштук кырдаалдан улам алып келе албай жатат

Сириядагы согуш жүрүп жаткан аймактардагы кыргызстандыктар жана алардын кичинекей балдары тууралуу маселе дайыма өкмөттүн көзөмөлүндө. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматта айтылгандай, өкмөт башчынын буйругу менен атайын бул маселе боюнча иштөөчү мекемелер аралык жумушчу топ түзүлгөн. Аталган топ Сириянын лагерлеринде жана түрмөлөрүндө калган кыргызстандык жарандарды иликтөө иштерин улантып жатат.

«Согуштук кырдаал улам күчөп жаткан азыркы мезгилде аларды Сириядан кайтарып келүү аракеттерин көрүүгө мүмкүнчүлүк болбой жатат. Ушундан улам, Кыргызстандын тиешелүү органдары бул багытта башка мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен чогуу бул багытта аракеттенүүдө», деп жазылган маалыматта.

Белгилей кетсек, Сириядагы кыргыз кыз-келиндердин ата-энелеринин айтымында, кыргыз жарандары учурда балдары менен бирге Альхол лагеринде турушат.  137 ата-эне кыргыз өкмөтүнөн кыздары менен неберелерин тезирек алып келүүнү өтүнөт. 

 

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18