24.kg
09:19, 27 февраля 2020, 24.kg

Баткендин Көк-Таш айылындагы үйлөрдү мыйзамдаштыруу документтери даяр болду

Баткен районунун Көк-Таш айылындагы үйлөрдүн документтери толугу менен даяр болду. Бул тууралуу өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов айыл тургундары менен жолугушуу учурунда билдирди.

Алишер Абдрахманов турак жайларын документтештирүүдө төлөнүүчү сумма, чек аралаш аймактын жашоочулары үчүн 30%га жеңилдетилгенин кабарлады.

«Турак жайына документ алууну каалаган жарандар жеңилдетилген сумманы төлөө менен жер участогуна болгон жеке менчик мамлекеттик актысын алса болот», — деди ал.

Белгилей кетсек Көк-Таш айылында 452 турак жай катталган. Буга чейин жашоочулардын 10% гана турак жайларын документтештирип, кызыл китебин алган.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18