24.kg
17:30, 26 февраля 2020, 24.kg

Коронавирус. Өкмөт Кытайдын ордуна башка рынокторду издөөдө

Кыргыз өкмөтү Кытайдагы коронавирус эпидемиясына байланыштуу соода-сатыктын башка жолдорун караштыра баштады. Бул тууралуу парламентте экономика министри Санжар Муканбетов билдирди.

Анын айтымында, ишкерликти коргоо максатында атайын программа даярдалып жатат:

«Индия, Пакистан, Индонезия, Түштүк Корея, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Араб Эмираттарын альтернатива катары караштырып жатабыз. Мартта Түркия менен чоң жарманке өткөнү турат. Импорттун ордун толтурууну ошол жакка жылдыруу боюнча элчиликтерге тапшырма бердик. Негизинен синтетикалык кездеме Кытайдан эле чыгат экен. Өкмөт программа даярдап жатат», — деди министр.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18