24.kg
11:34, 26 февраля 2020, 24.kg

Кой-Таш окуя. 14 кишиге айып тагылып иш сотко жөнөтүлдү

2019-жылдын 8-9-августундагы Кой-Таш окуясы боюнча козголгон кылмыш иш сотко жөнөтүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Кылмыш ишинин алкагында 14 кишиге айып тагылды. Алардын катарында мурдакы президент Алмазбек Атамбаев, Фарид Ниязов, Кундуз Жолдубаева, Равшан Жээнбеков, Мээрбеку Мискенбаев, Ирина Карамушкина жана Асел Кодуранова, Канат Сагымбаев жана Фархат Баабиев бар.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, аларга Кылмыш-жаза кодексинин 11 беренеси боюнча айып тагылды:

— 39 («Бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу»);

— 355 («Бийлик өкүлдөрүнө күч колдонуу же коркутуу»);
— 337 («Тергөөчүнүн ишине тоскоолдук жаратуу»);
— 244 («Адамдарды барымтага алуу»);
— 264 («Массалык башаламандык»);
— 130 («Киши өлтүрүү»);
— 130 жана 39 («Киши өлтүрүүгө аракет кылуу»);
— 253 («Курал-жаракты мыйзамсыз айлантуу»);
— 257 («Ок атуучу курал-жаракты уурдоо»);
— 338 («Сотко чейинки өндүрүшкө байланыштуу күч колдонуу же коркутуу») беренелери.

Ишти Биринчи Май райондук соту карайт.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18