11:00, 26 февраля 2020, 24.kg
Депутаттар президент тарабынан сунушталган сотторду колдоду. Кимдер алар?
Жогорку Кеӊеш Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьялыгына талапкерлерди шайлады.
Мукамбет Касымалиев, Мээргүл Борбукеева, Латип Жумабаев 7 жылдык мөөнөт менен бекитилишти.
Аларды президент Сооронбай Жээнбеков көрсөткөн.
Бүгүн алар ант берип, өзүнүн ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришти.
0