24.kg
10:57, 25 февраля 2020, 24.kg

Ат-Башыдагы логистикалык борбор. Өкмөт инвесторго акчасын кайтарып бере элек

Нарын облусунун Ат-Башы районундагы индустриалдык-соода-логистикалык борбордун курулушу боюнча долбоор жабылды. Бул тууралуу өкмөт маалымдайт.

Ат-Башы районунун калкынын бир бөлүгү бул долбоорду аткарууга каршы болгондуктан, аны мындан аркы ишке ашырууну токтотуу жана долбоорду башка рынокторго багыттоо чечими кабыл алынды.

«Нур Строй Монтаж» ЖЧКсынын жана «One Lead One Trading Limited» компаниясынын ортосундагы «Нарын» эркин экономикалык аймагында индустриалдык-соода-логистикалык борборду куруу тууралуу келишим жокко чыгарылды.

Учурда 200 га жерди трансформациялоо жөнүндө токтомду жана аны «Нарын» ЭЭАга берүүдөн баш тартуу жөнүндө буйрукту жокко чыгаруу процесси даярдалууда.

Инвестор тарабынан бөлүнгөн 45 миллион сомго жакын өлчөмдөгү финансы каражаттарын кайтарууга даярданууда.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18