24.kg
10:30, 25 февраля 2020, 24.kg

Коронавирус. Кыргызстанда 143 киши карантинге алынды

Кыргызстанда стационардык шартта 143 киши, ал эми жашаган жери боюнча 391 адам медициналык көзөмөлдө. Бул тууралуу коронавирус инфекциясынын өлкө аймагына келүүсүн алдын алуу жана анын жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штабдын кезектеги жыйынында айтылды.

Өлкөдө илдетке чалдыккандар жок. Чек ара бекеттери күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.

Саламаттык сактоо министрлигинин чечимине ылайык Япониядан, Түштүк Кореядан, Ирандан жана Кытайдан келгендер 14 күн атайын даярдалган жайларда карантинде болот.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, коронавирус кандайдыр бир жөнөтмө жана буюмдар аркылуу жукпайт. Вирус 40°С температурага туруштук бере албайт жана айлана-чөйрөгө анчалык туруктуу эмес.

Акыркы маалыматтар боюнча илдетке чалдыккандардын сан 80 миң кишиге жетти.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18