24.kg
09:58, 25 февраля 2020, 24.kg

Казакстан Кыргызстан боюнча Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна кайрылат

Кыргызстандын улуттук мыйзамдары Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун талаптарына жооп бербейт. Бул туруалуу Казакстандын соода жана интеграция министри Жанель Кушукова билдирди.

Маалыматка караганда, Казакстан жакынкы күндөрү Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна Кыргызстанга даттанып кайрылмакчы.

«Биз Кыргызстандын даттануусуна таң калдык. Алардын айыптары негизсиз. Казакстан дагы арыз даярдап жатат», — дейт Жанель Кушукова.

Белгилей кетсек, Кыргызстан Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна февралдын башында арыз жолдогонун айткан. Ага Казакстандын Кыргызстандан бара жаткан жүктөрдү өткөрбөй, жол катар текшерүүгө алып, кошумча акы талап кылганы себеп болду.

Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстан ЕАЭБтин келишимдерин аткарбай жатканын белгилейт.

 
Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18