24.kg
12:49, 24 февраля 2020, 24.kg

Өндүрүш Токтонасыров Сапарали Бөрүбаевди колдоп митингге чыкты

Укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров Лейлек районунун Катраң айылдык кеңешинин төрагасы Сапарали Бөрүбаевди колдоп митингге чыкты.

Ал депутатка куугунтуктоону токтотууну жана аны бошотууну талап кылат.

«Сапарали Бөрүбаев жеке кызыкчылыгын көздөгөн жок. Ал Кыргызстандын аймагын колдоп, чек ара маселесин көтөрүп чыкты. Мындай жигиттер колдоого татыктуу», — дейт ал.

Эскерте кетсек, Өндүрүш Токтонасыров митингге жалгыз чыгып, коомдогу ар кандай кырдаалга өз көз-карашын билдирип келет.

Сапарали Бөрүбаев 14-февралда кармалып, эки айга камоого алынды. Ага бейбаштык менен талап-тоноо айыбы тагылууда.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18