24.kg
12:41, 24 февраля 2020, 24.kg

Кыргызстан Кытай жарандарына виза берүүнү токтотту

Кыргызстан коронавирустун тарап жаткандыгына байланыштуу Кытайдын жарандарына виза берүүнү токтотту. Бул тууралуу КР тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов билдирди.

Анын айтуусунда, мындай чаралар убактылуу гана.

«Кытайдагы жана дүйнө жүзүндөгү эпидемиологиялык абалга жараша виза берүүнү жандантуу жана чек араны ачуу маселелери боюнча тиешелүү чечим кабыл алынат», — деп маалымдады Абдрахманов.

Учурда Бишкекте 61 кытай жараны медиктердин көзөмөлүндө. 

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18